ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада психикалык саламаттыктын бир айлыгы өткөрүлүүдө

Бишкек шаарынын Саламаттыкты сактоо департаменти калктын психикалык саламаттыгын жакшыртуу, кабардар кылуу  максатында психикалык саламаттыктын бир айлыгы өткөрүүдө.

Бир айлыктын алкагында психикалык саламаттык маселеси боюнча ар түрдүү: маалыматтык-билим берүүчү лекциялар, тренингдер, мектепте, лицейде, Жогорку окуу жайларында  окугандар арасында сүйлөшүүлөр, иш-чаралар өткөрүлөт.

Саламаттыкты сактоо департаментинин бекиткен планы боюнча Кыргыз Республикасындагы “Суициттик абал, суицит көйгөйүн чечүү” темасында тегерек стол уюштурулуп, шаардын медициналык мекемелеринин психиатр доктурлары жана башка адистердин катышуусунда  “Психиатрия окуу” конференциялары өткөрүлөт.

Психикалык саламаттыктын бир айлыгы шаардын прфилактикалык – дарылоо уюмдарында 10-ноябрга чейин уланат. Иш-чаранын жыйынтыгы 15-ноябрда белгилүү болот.