ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Дүйнөлүк таза колдор күнү” акциясы жыйынтыкталды

Мурда белгиленгендей, калаада жыл сайын өткөрүлүп келген Дүйнөлүк таза колдор күнү белгиленди.

Шаардын профилактикалык-дарылоо уюмдары тарабынан оорулардын келип чыгышы тууралуу стенддер илинип,Калк арасында маалыматтык-билим берүүчү иш-чаралар өткөрүлүп, санитардык-агартуучу адабияттар таратылды.

Ири соода комплекстеринде радиоузел аркылуу сүйлөшүүлөр өткөрүлүп, балдар билим берүү уюмдарында , Жогорку окуу жайларында, жана балдар адистештирилген үйлөрүндө балдарга колду кантип туура жууну  тууралуу үйрөтүлүп, ЖОЖдордо “Сиздин саламаттыгыңыз - Сиздин колуңузда” темасында лекциялар өткөрүлдү.

Эскерте кетсек, Бириккен улуттук уюмунун балдар фонду 15-октябрды “Таза кол” Дүйнөлүк күнү деп жарыялаган. Биринчи “Таза кол” Дүйнөлүк күнү 2008-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын санитар жылы жарыяланганда кабыл алынган.