ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкектин борбордук көчөлөрү бир багыттуу болот

Жылдан-жылга Бишкекте унаалардын саны өсүүдө. Бул авто тыгындарынын пайда болушунун бирден-бир себеби. Бул көйгөйгө байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясынын Шаарды өнүктүрүү башкармалыгы шаардын борбордук көчөлөрүдө бир багыттуу жол кыймылынын схемасын иштеп чыкты.

Бөкөнбаев жана Токтогул көчөлөрү батыш багытын көздөй, Москва жана Киев көчөлөрү чыгыш тарапты көздөй бир багыттуу болот. Мындан тышкары, түндүк, түштүк багытындагы көчөлөр да бир багыттуу кылуу сунушталууда.

Бишкек шаарынын ИИБ жол кайгуул кызматы жол кыймылын бир багыттуу кылуу менен бир нече көйгөйлөр чечилерин билдирүүдө. Биринчиден, жол кыймылындагы кырсыктар, кагышуулар азаят. Экинчиден, көчөлөрдөгү өткөзүү жөндөмдүүлүгү кеңейет, транспорттук жолдордогу кармоолор азаят. Үчүнчүдөн, унаа кыймылынын ылдамдыгы көтөрүлөт жана каршы кыймылдын жоктугунан кечигүүлөр, кармоолор азаят.