ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Көрүүсү жана угуусунан жабыркаган майыптар арасында өткөрүлгөн шахматтык-шашки мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды

Кече, 20-октябрда шахматтык-шашки клубунда көрүүсү жана угуусунан жабыркаган майыптар арасында өткөрүлгөн шахматтык-шашки мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды.

Командалык мелдеште шахмат боюнча 9 команда, шашки боюнча 8 команда  катышты. Мелдештин башкы максаты-майып спортчулар арасынан күчтүүсүн чыгаруу, спорттук чеберчилигин жогорулатуу.

Командалык биринчиликтин шахмат боюнча жеңүүчүлөрү Шаардык биринчилик уюмдары: биринчи орунга -№1 Окуу өндүрүштүк мекемеси, экинчи орунга –Угуусунан жабыркаган шаардык коом, үчүнчү орунга – Шаардык биринчилик уюму Кыргыз азиздер коому.

Ал эми шашки боюнча, биринчи орун-№1 Окуу өндүрүштүк мекемеси, экинчи орун – дүлөйлөр коому, үчүнчү орун – Кыргыз азиздер коому.

I-II-III орундун жеңүүчүлөрү диплом, медаль жана баалуу белектер менен сыйланды.