ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте жумуш орундары жарманкеси өткөрүлөт

22-октябрда саат 10.00 до Жумуштуулук шаардык башкармалыктын борбордук офисинде бардык жарандар үчүн эмгек жарманкеси өткөрүлөт.

Жарманкеге “Берекет” ЖАК, “Народный” ЖЧК, “Эм-Актык” ЖЧК, Бишкек троллейбус башкармалыгы, “Бегомот” ЖЧК, “Феникс” Эл аралык корпорациясы, “Евростиль” ЖЧК, жүрөк жана орган алмаштыруу хирургиялык илимий-изилдөө институту, “Фаст фуд”, “Домино”, №9 үйбүлөлүк медициналык борбору, “Кыргыздомофон сервис” ЖЧКсы сыяктуу 20 дан ашык мекеме- уюмдар чакырылды.

Жарманкенин алкагында бардык каалоочулар кесиптик билим берүү жана микрокредит жана убактылуу жумуштуулук тууралуу маалыматтарды ала алышат.

Жумуштуулук шаардык башкармалыгынын офисинин дареги  Токтогул көчөсү, №237 Жаш Гвардия бульвары менен кесилишет.