“Ак-Өргө” жаңы конушуна 25 жыл толду
- Подробности
- Опубликовано 18.10.2014 16:01
Бүгүн, 18-октябрда Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин районунун “Ак -Өргө” жаңы конушунун 25 жылдык мааракесине карата майрамдык иш-чара уюштурулду. Аталган иш-чарага Бишкек шаарынын вице-мэри Бакыт Дүйшенбиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов, шаардык депутаттар, Жогорку кеңетин депутаттары, коомдук ишмерлер жана конуш тургундары катышып, 25 жылдык мааракеси менен куттукташты.
Бишкек шаарынын вице-мэри Бакыт Дүйшенбиев Бишкек шаарынын мэриясынын атынан 50 миң сом жана белектерди тапшырды. Ошондой эле, “Ак-Өргө” жаңы конушунун айыл башчылары Ардак грамоталар менен сыйланышты.
Салтанаттуу иш-чара балдардын ыр-бийлеринин коштоосунда концерттик программа өткөрүлүп, конуш тургундарына майрамдык маанай тартууланды.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
22.03.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |