ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Токтогул көчөсүнө 250 жаңы көчөт отургузулат

Токтогул көчөсүн оңдоп түзөөнүн алкагында “Жашылдандыруу” муниципиалдык ишканасы аймакты жашылдандыруу иштерин жүргүзүүдө.

Гоголь көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин 3 жаштан 6 жашка чейинки 250 көчөт отургузулат. Клен, чынар, липа түрлөрүн отургузуу пландалууда.

“Жашылдандыруу” муниципиалдык ишканасынын билдирүүсү боюнча көчөттөрдү күз айынын аягына чейин отургузулат. Азыркы учурда көчөттөрдү отургузуу иштери Шопоков көчөсүнөн Советский көчөсүнө чейин жүргүзүлүүдө.

“Азыркы учурда көчөттөрдүн тамыр алып кетишин айтуу кыйын, бири-бирине жакын отургузулду. Жазында 70% түп алат деп күтүп жатабыз.  Эгерде көчөттөр түп албаса, ордуна питоамникте өстүрүлүүчү көчөттөрдүн түрлөрүн жана жазгы  көчөттөр отургузулат” –деп түшүндүрөт “Жашылдандыруу” муниципиалдык ишканасы.

Эскерте кетсек, Токтогул көчөсүндөгү авариялык абалдагы 95 бак-дарактар алынып салынды.