ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов районунда жаңы балдар аянтчасы ачылды

Бүгүн, 17-октябрда Свердлов районунун Сүйүмбаева көчөсү менен Герцина көчөсүнүн кесилишиндеги №2, 3, 4 үйдүн короосуна жаңы балдар аянтчасы орнотулду. Балдар аянтчасынын ачылышына Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов районунун башчысынын орун басары Чынара Борбашева, “Газпром” жабык акционердик коомунун өкүлдөрү жана аталган үйдүн тургундары катышты.

Свердлов районунун админстрация башчысынын орун басары Чынара Борбашева аталган даректин кичинекей тургундарын жаңы балдар аянтчасы менен куттуктады. “Бул аянтчада балдардын балалыгы бактылуу өтсүн. Аянтчанын орнотулуусу ата-энелердин, балдардын эс алуусуна жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат деп эсептейм. Жакшы жашоо шартын уюштуруп жаткан демөөрчүлөргө, мэрияга ыраазычылык билдирем” – деп белгиледи өз сөзүндө.

Үйдүн жашоочулары уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.

Эскерте кетсек, “Шаарга жашоо тартуулайбыз” долбоорунун негизинде жыл аягына чейин 20 балдар аянтчасын орнотуу пландалган. Азыркы учурда 11 балдар аянтчасы орнотулду.