ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь районунда жаңы балдар аянтчасы ачылды

Бүгүн, 17-октябрда Октябрь районунун 5-кичирайонундагы №11/1, 12, 14 үйдүн короосуна жаңы балдар аянтчасы орнотулду. Балдар аянтчасынын ачылышына Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь районунун башчысынын орун басары Кылычбек Оморов, социалдык кызматкер Жамал Мамытова,  “Газпром” жабык акционердик коомунун өкүлдөрү жана аталган үйдүн тургундары катышты.

Октябрь  районунун админстрация башчысынын орун басары Кылычбек Оморов аталган даректин кичинекей тургундарын жаңы балдар аянтчасы менен куттуктады. “Бул аянтчанын  ачылышы менен кичинекей бөбөктөрдү куттуктаймын. Аянтчаны жакшы колдонуп, сактап ойногула. Кичинекей бөбөктөр үчүн ойноого жакшы мүмкүнчүлүк. Жакшы жашоо шартын уюштуруп жаткан демөөрчүлөргө, мэрияга ыраазычылык билдирем” – деп белгиледи өз сөзүндө.

Үйдүн жашоочулары уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.

Эскерте кетсек, “Шаарга жашоо тартуулайбыз” долбоорунун негизинде жыл аягына чейин 20 балдар аянтчасын орнотуу пландалган. Азыркы учурда 12  балдар аянтчасы орнотулду.