ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Мыкты ландшафттык-дизайнердик долбоордук ачык конкурсуна 30 арыз түштү

Бишкек шаарынын мэриясынын Бишкек башкы архитектура жана Кыргыз Республикасынын архитекторлор бирикмеси шаарды реконструкциялоо жана сейил бак, гүл бакчаларды көрктөндүрүү боюнча мыкты ландшафттык-дизайнердик ачык конкурсун жарыялаган.

Аталган конкурстун максаты шаарды өнүктүрүү, сейил бак, гүл бакчаларды көрктөндүрүү, жашылдандырууда ландшафттык-дизайнердик идеяларды ачып көрсөтүү.

Бүгүнкү күндө мыкты ландшафттык-дизайнердик долбооруна катышуучулар тарабынан 30 арыз келип түштү.

Эскерте кетсек, конкурс 2014-жылдын 5-августунан 2014-жылдын 27-октябрна чейин өткөрүлөт.

Конкурстук долбоорлордун акыркы мөөнөтү Манас  проспектиси №40 дареги Кыргыз Республикасынын архитекторлор уюмунунда 2014-жылдын 27-октябрда 17.00го чейин уланат.