ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте “Шаардын билим берүү мекемелериндеги балдарды тамактандыруу уюмдары жөнүндө” долбоору талкууланды

Кече, 15-октябрда Бишкекте “Шаардын билим берүү мекемелериндеги балдарды тамактандыруу  уюмдарынын абалы”  жөнүндө тегерек стол өткөрүлдү. Аталган долбоорду талкулоого Бишкек мэриясынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, Бишкек шаардык кеңеши, Билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери, мектеп ашканаларынын ижарачылары жана азык-түлүк жеткирүүчүлөр катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова аталган абалга чара көрүү керектигин белгилеп, ар бир берилген суроолорду, сунуш-пикирлерди укту.

“Социалдык тамактандыруу департаменти жоюлгандан кийин аталган Жобо иштелип чыкты. Социалдык тамактандыруу департаментинин аткарган иштерин ар бир райондук структурага тапшырылып берилди. Аталган жобо Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна жиберилди.  Алар бекитип берүүсү керек”-деп билдирди вице-мэр Айгүл Рыскулова.

Жободо Бишкек шаарынын мэриясынын жоопкерчиликтүү кызматкерлеринин, жетекчилердин ошондой эле, билим берүү муниципиалдык уюмдарынын эрежелери жана милдеттери жазылган. жобого ылайык жоопкерчиликтүү кызматкерлер ар бир аткарган иштерине жооп берет.

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы, райондук администрациялары, райондук билим берүү борборлору, билим берүү уюмдары, Саламаттыкты сактоо департаменти жана  Менчик муниципиалдык башкармалыгы тамактандыруу уюмдарын ирээтке келтирет.

Жергиликтүү бюджеттен, ата-энелик төлөмдөрдөн  жана башка булактардан  каржыланат.

Кызматташуунун алкагында, жобого ылайык жеткирүүчүлөрдүн  иш жөндөмдүүлүгүнүн ирети жана  жоопкерчилик деңгээли каралган.  Ижарачылар азык түлүк жеткирүү келишимин регламенттөө жана шаардын жалпы  билим берүү мекемелеринде  тамактандыруу уюмдары менен кызматташууда келишим түзүү.

Ошондой эле, тегерек столдун өтүшүндө ар бир билим берүү мекемелерине медициналык кызматкерлерди бекитүү, тамактандырууда коопсуздук маселелери, мектептердин жана  бала бакчалардын ашканаларына видеокөзөмөлдөө орноштуруу маселелери да каралды.