ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май районунда социалдык кызматкерлердин күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү

Бүгүн, 16-октябрда Биринчи май районунда Кыргызстан социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев райондун социалдык тармагында иштегендерди куттуктады.

Район башчысы өз сөзүндө социалдык кызматкерлерге таандык  сапаттуулук жана боорукерлик, сактык жана кайрымдуулук сапаттарын өз жашоосунда өздөштүрүлгөндүгүн баса белгиледи.

Социалдык кызматкерлер күнүнүн урматына жергиликтүү бюджеттен 499,9 миң сом бөлүндү. Анын ичинен райондун социалдык өнүктүрүү башкармалыгына 202,6 миң сом, карылар үй-интернатына 237,2 миң сом, “Коломто” муниципиалдык мекемесине 60,1 миң сом каралды.

Андан тышкары, райондун социалдык коргоо тармагында үлгүлүү жана ак эмгеги менен иштегендиги үчүн, Биринчи май райондук администрациясынын Ардак грамотасы менен райондун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы жана “Коломто” муниципиалдык мекемеси сыйланды.