ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

СЭИ кызматкерлери Ленин районунда шаарды көрктөндүрүүдө эреже бузуу фактысын аныктады

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги рейдинде Ленин районунда шаардын санитардык абалын текшерүүдө эреже бузуулар катталган.

Рейддин жүрүшүндө, Турусбеков көчөсү жана Сагымбай көчөсүнүн кесилишинде курулуш таштандылары ташталган. Ошондой эле, аталган жер шаарды көрктөндүрүүдө антисанитардык абалга жеткен.

Жыйынтыгында СЭИ кызматкерлери курулуш  объектисинин кожоюну Абдылдаев Н.Т атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Ленин райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.