ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Параазиялык оюндарына катыша турган спортчулар менен жолугушту

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов менен ушул жылы Параазиялык оюндарга катыша турган спортчулар жолугушту.

Калаа башчысы спортчуларга албан ийгиликтерди  каалап “Сиздер байгелүү келесиздерби же жокпу, биз сиздерди жеңиш менен келгендердей тосуп алабыз. Биз вице-мэрлер менен биргеликте сиздерди колдойбуз! Сиздерди колдоочу чоң команда бар экенин билип жүрүңүздөр.” –деп белгиледи калаа башчысы.

Аталган оюнда Кыргыз спортчулары Калиев Эсен, Оросбаев Жыргалбек, Эшонкулов Раджабали, Балбаков Жыргалбек  спорттун пауэрлифтинг түрүн көрсөтмөкчү. Делегацияны Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Жабраилов Аднан жетектейт.

Кыргыз Республикасынын спорт чебери жана топ башчысы Эсен Калиев “Жеңиш менен келгенге бүткүл  күчүбүздү жумшайбыз”- деп белгиледи.

Оюндар Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөрүлөт.

Ошондой эле, аталган жолугушууда Бишкек шаарынын вице-мэрлери жана шаардык дене-тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров катышты.