ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте шаар күнү өткөрүлдү

11-октябрда калаада Бишкек шаарынын 136 жылдыгы майрамдалды.

Майрамдык иш-чаралар эртең менен башталып, эски аянтта спорттун армрестлинг, стол тенниси, шахмат, стритбол, тогуз коргоол, ордо жана аркан тартыш түрлөрү көрсөтүлдү.

Маданият министрлигинин имаратында улуттук кийиз өнөрү көрсөтүлүп, “Кыргыз шырдагы” жарманкеси өткөрүлдү.

Күндүн экинчи жарымында борбордук Ала-Тоо аянтында Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматовдун катышуусунда веложүрүш башталып, ага 1000 адам катышты. Спортчулар жана вело сүйүүчүлөр веложүрүштү  эски аянтта бүтүрүү менен кызыктуу конкурстар уланды.

Шаардын бардык райондорунда майрамдык концерттер менен иш-чаралар өткөрүлдү. Ал эми, башкы майрам Ала-Тоо аянтында 18.30 да башталды. Майрамдык иш-чарада эски Фрунзе шаары көрсөтүлүп,  концерттик программа менен коштолду.

Шаар тургундарын жана конокторду КР президент аппаратынын жетекчиси Нарымбае Данияр, биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов жана калаа башчысы Кубанычбек Кулматов куттуктады. Калаа башчысы шаардын гүлдөп өнүгүшүн, баардык шаардыктарга бекем ден соолук, ийгилик каалады.

“Шаарыбыз күндөн күнгө жакшырып, өнүгө берсин. Ал эми, шаардыктар калаабызды сактап, Бишкектикмин деп сыймыктанып жүрө беришсин!”- деп белгиледи калаа башчысы.

Куттуктоо сөздөрүнөн кийин эстрада жылдыздарынын жана шаардын бийчилер  топторунун коштоосунда концерттик программа тартууланды.

Салтанаттуу иш-чаранын соңу чыныгы түстүү шоу менен жыйынтыкталып, балдарга жана чоңдорго жакшы маанай тартуулады. Ошондой эле, салтка айланган кооз жана түстүү салюттар менен жыйынтыкталды.