ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте “Таза колдор” акциясы өткөрүлөт

Үстүбүздөгү жылдын 13-октябрнан 17-октябрна Дүйнөлүк таза колдор күнүнө карата чейин жыл сайын өткөрүлүп келген “Таза колдор” акциясы өткөрүлөт.

Бишкек шаарынын Саламаттыкты сактоо департаментинин буйругу менен шаардын балдар бакчасында, жалпы билим берүү мектептеринде, жогорку жана орто окуу жайларында бир нече иш-чаралар өткөрүлмөкчү.

Калк арасында маалыматтык-билим берүүчү иш-чаралар өткөрүлүп, санитардык-агартуучу адабияттар таратылат.

Шаардын профилактикалык-дарылоо уюмдары тарабынан оорулардын келип чыгышы тууралуу стенддер илинет.

Ири соода комплекстеринде радиоузел аркылуу сүйлөшүүлөр өткөрүлүп, балдар билим берүү уюмдарында жана балдар адистештирилген үйлөрүндө балдарга колду кантип туура жууну  тууралуу үйрөтүлөт.

Эскерте кетсек, Бириккен улуттук уюмунун балдар фонду 15-октябрды “Таза кол” Дүйнөлүк күнү деп жарыялаган. Биринчи “Таза кол” Дүйнөлүк күнү 2008-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын санитар жылы жарыяланганда кабыл алынган.