ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май районунда жаңы балдар аянтчасы ачылды

Бүгүн, 10-октябрда шаар күнүнө карата Исанов көчөсү №8 дарегине жаңы балдар аянтчасы орнотулду. Балдар аянтчасынын ачылышына Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскарбек Алиев, “Газпром” жабык акционердик коомунун өкүлдөрү жана аталган үйдүн тургундары катышты.

Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова өз сөзүндө балдарды жана ата-энелерди жаңы балдар аянтчасынын ачылышы менен жана Шаар күнүн менен куттуктады.

Ал эми, Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскарбек Алиев баардык жашоочуларды куттуктап, орнотулган аянтчага аяр мамиле кылууга чакырды.

Расмий бөлүгү жыйынтыкталгандан кийин, майрам цирктик көрсөтүүлөр жана бийлер менен жыйынтыкталды.

Үйдүн жашоочулары уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти