ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаар күнү майрамына карата программа

Шаардын 136-жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаралар шаардын райондорунда өткөрүлөт.

Калаанын эски аянтында 10.00дон 13.00го чейин спорттун армрестлинг, стол тенниси, шахмат, стритбол, тогуз коргоол, ордо жана аркан тартыш түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлөт.

Саат 15.00 до Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматовдун катышуусунда веложүрүш калаанын Ала-Тоо аянтында өткөрүлөт. Вело жүрүш кечки саат 18.00до Эски аянтта концерттик программа менен жыйынтыкталат. Аталган иш-чарага каалоочулардын баардыгы катыша алышат.

Саат 18.30 да Ала-Тоо аянтында Бишкек шаарынын 136-жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаранын ачылышы аземи өтөт.

Иш-чаранын жыйынтыгында шаар тургундары жана коноктор кечки түстүү шоуну көрүп ыракат ала алышат жана майрамдык фейрверктер көрсөтүлмөкчү.