ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаа Шаар күнү майрамына даярдыктарды көрүүдө

Шаардын райондорунда Шаар күнүнө арналган бир нече майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.

Свердлов райондук администрациясы А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын Малахитов залында саат 11.00до аталган театрдын чыгармачылык жамаатынын аткаруусунда майрамдык концерт өткөрүлөт.

Саат 12.00 до Мамлекеттик цирктин имаратынын жанында ата мекендик жана чет өлкөлүк цирк артистерини концерт тартуулайт.

Жеңиш аянтында 10-октябрдан 13-октябрга чейин гүлдөр көргөзмө-жарманкеси өткөрүлөт.

“Келечек” жаңы конушунда футбол, жеңил атлетикалык эстафета жана спорттун түрлөрү боюнча мелдештер.

“Бакай-Ата” жаңы конушунда Балдар чыгармачылык борборунун жана райондун жалпы билим берүү уюмдары тарабынан ачык аянта концерттик программа көрсөтүлөт.

“Аламедин-1” кичирайонунун №38 орто мектептин базасында райондук администрация жана Жергиликтүү аймактык башкармалыктардын кызматкерлери арасында футболдук мелдеш өткөрүлөт.

Биринчи май райондук администрациясы Панфилов сейил багында массалык эс алуу менен райондун чыгармачылык жамаатынын катышуусунда майрамдык концерт өткөрөт.

10-октябрда Шаар күнү майрамынын алкагында Бишкектин Исанов көчөсүндө балдар аянтчасы ачылат.

Жаңы конуштарда маданий-массалык иш-чаралар өткөрүлөт: элдик эс алуулар, Ыр-Кесе, байге коюлган улуттук спорттук оюндар, улуттук тамак-аштарды даярдоо, карылар менен бирге майрамдык тамактануулар.

Мектептерде “Менин сүйүктүү шаарым” аталыштагы класстык сааттар, ачык сабактар, дил баян жазуулар өткөрүлүүдө.

Борбордук-Азиялык ремесел ресурстук борбору“Кыргыз шырдагы” шырдактар көргөзмөсүн өткөрөт.

Андан тышкары, ар кандай тематикалык көргөзмөлөр жана музейлерде, китепканаларда, балдар музыкалык мектептеринде, билим берүү уюмдарында иш-чаралар өткөрүлөт.

Ленин районунда 9-октябрда №2 китепканада Шаар күнүнө жана мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү. №93 орто мектептин аймагында Шаар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара, майрамдык тамактануу жана концерттик программа белектерди тапшыруу  менен өткөрүлдү.

1-октябрдан 11-октябрга чейин “Арча-Бешик” жана “Ак-Ордо” стадиондорунда  Жергиликтүү аймактык башкармалыктар арасында төмөнкү спорттук мелдештер өткөрүлүүдө: волейбол, футбол, стол тенниси, дартс, бильярд.

Шаар күнүндө “Ак-Ордо” жаңы конушунда кичи футбло талаасы ачылат.

Октябрь районундук администрациясы “Шайыр- Балалык” балдар чыгармачылык борбору менен биргеликте майрамдык концерт тартуулайт. Салтанаттуу иш-чара “Ата-Түрк” сейил багында саат 12.00 до башталат. Андан тышкары, шаардыктарга элдик майрамдоолор жана балдар жана чоңдор арасында спорттук мелдештер көрсөтүлөт.