ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Өзүңдүн кан басымыңди бил” аттуу акциянын жыйынтыктары ачыкталды

Бишкек шаарынын Саламаттыкты сактоо департаментинин мурда билдиргендей 22-сентябрдан 26-сентябрга чейин өткөрүлгөн  Дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата “Өзүңдүн кан басымыңди бил” аттуу акциясынын жыйынтыктары билинди.

Калкты жүрөк-кан тамыр оорулары, гипертония оорусунун келип чыгышы жана кан басымдын жогорулашынын себептерин жөнүндө маалымат менен камсыз кылуу максатында өткөрүлдү.

Шаардын профилактикалык-дарылоо уюмдары аталган иш-чараны уюштуруп, 25000көчүрмү мамлекеттик жана расмий тилде маалыматтык-билим берүүчү адабияттар таратылып, медицина кызматкерлерине кан басымды текшерүүдө керектелчү жабдуулар менен камсыздады.

Бишкекте беш күндө 31 025 адам текшерүүдөн өтүп, алардын 3036сы жогорку кан басымы менен жүргөнү ачыкталды. Акцияда 11 307 мырзанын, 19 718 айымдын кан басымы өлчөндү. Кан басымы жогору айымдардын саны 1876ны, жогорку кан басымы менен жүргөн мырзалардын саны 1160ты түздү. Бардык кан басымы жогору жарандарга адистин көзөмөлүнөн өтүү, дарылануу жана диета кармоо сунуштары айтылды.

Эскерте кетсек, аталган акция жыл сайын өткөрүлүп келет.