Бишкекте 41 “Ырайымыз мамиле” синдрому катталган
- Подробности
- Опубликовано 07.10.2014 14:52
Бишкек шаарынын мэриясынын Саламаттыкты сактоо департаментинин билдирүүсү боюнча 2014-жылдын 9 айында “ырайымсыз мамиле синдрому” менен Шаардык балдар клиникалык ооруканасынын тез жардам медициналык кызматына 41 учур катталып, анын ичинен 22 балага стационардык дарылоо, 19 балага амбуляториялык жардам көрсөтүлдү.
Бишкек шаарынын Профилактикалык-дарылоо уюмдары тарабынан “үйбүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө” 1786 адамды камтыган сүйлөшүү өткөрүлдү. 39 радио маек өткөрүлүп, 900 нуска “Үйбүлөдөгү зомбулук жөнүндө” жана “Балдарды зомбулуктан коргоо” аталышта мамлекеттик жана расмий тилде маалыматтык-билим берүүчү материалдары даярдалган.
Шаардын профилактикалык-дарылоо уюмдарына 107 үйбүлөлүк зомбулук учуру катталган: эркектерге тиешелүү -12, аялдарга тиешелүү -95.
Баардык жабырлануучуларга кризисттик борборлор жөнүндө маалыматтар берилип, “үйбүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө” мыйзамы туурасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жабыр тарткандардын күбөлүктөрү РИИБ жөнөтүлүп, 7 адам “Шанс” жана “Сезим” кризисттик борборуна сакайууга жиберилди. 23 жабырлануучуга акысыз медициналык жардамдар көрсөтүлдү.
“Ырайымсыз мамиле” синдромунан каза тапкандар жана кайрадан кайрылуулар катталган жок.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
22.03.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |