ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарында Казакстандык драм театрынын ачылышы болду

Кече, 2014-жылдын 6-октябрда Казакстан Республикасынын М.Ауэзов атындагы академиялык драм театрынын артистери Бишкек шаарына гастролдоп келишти.

Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драм театрында Казакстан элчиси Бейбита Исабаеванын катышуусунда гастролдун ачылыш аземи өттү.

Гастрол “Абай” трагедиясы менен башталып, Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драм театрында 6 күнгө созулмакчы.

Бүгүн, 7-октябрда шаар тургундары жана коноктор “Күн батаардын алдында” (драма) спектаклин көрө алышат.

8-октябрда “Жаужүрек”драмасы.

9-октябрда – “Күлөбүзбү же ыйлайбызбы?”комедиясы

10-октябрда -“Жүрөлүк жүрөк оорутпай”драмасы.

11-октябрда-“Сыган Серенадасы”мюзикли жана гастроль “Бейбарыс Султан” тарыхый драммасы менен жыйынтыкталат.

Бардык спектаклдер , Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драм театрында 18.30 да башталмакчы.

Театрдык искусство сүйүүчүлөрүнө СССРдиг эл артисти Асаналы Ашымовдун чыгармачылыгына ыракаттанууга мүмкүнчүлүк берилет.

Ошондой эле, гастролдун алкагында Казакстан маданий ишмерлери менен А.Умуралиев атындагы Бишкек шаардык театрынын артистери менен жолгушуулар өткөрүлөт.

Гастрол 12-октябрга чейин созулмакчы.