ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардыктар муниципиалдык мончого бара алышат

“Мончо-кир жуучу комбинат” шаардык муниципиалдык мекемеси шаар тургундарын жана конокторду Жибек-Жолу проспектиси, № 286 дарегинде жайгашкан муниципиалдык мончого баш багууга чакырат.

Аталган мекеме саат 07.00 дон 20.00 го чейин тынымсыз жана эс алуусуз, майрамсыз иштейт.

Бүгүнкү күндө “Мончо-кир жуучу комбинат” муниципиалдык мекемеси жалпы буулантыруучу жайы менен жуунучу бөлүмү, ванналык жана душ кабиналары кызматын көрсөтөт. Жакынкы аралыкта анча чоң эмес бассейни менен сауна ачуу пландалууда.

Мончонун имаратынын ичинде буфет, чач тарач, массаждык кабинеттер, мончого керектөөлөр сатылчу дүкөндөр жана кардарлар үчүн унаа токтотуучу жайлар жайгаштырылган.

Муниципиалдык мончонун баасы жалпы мончо -100сом, номердик душ-100 сом, 2 адамга ванна -200 сом, 10 жашка чейинки балдарга жана пенсионерлерге кирүү акысы 50 сомду түзөт.