ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Эртең шаардын айрым райондорунда ичүүчү суу өчүрүлөт

“Бишкексууканал” башкармалыгынын билдирүүсү боюнча 2014-жылдын 9-октябрда саат 9.00дон 17.00 го чейин оңдоо жана профилактикалык иштерине  байланыштуу  “Түштүк-Батыш” жана “Гагарин” суу алгычында ичүүчү суу токтотулат.

Лев Толстой, Жунусалиев, Айни, Чайковскийт көчөлөрүндө  жана “Ак-Өргө”  курулушу, анын ичинде Жер бөлүштүрүү институту, “”25,55 орто мектептери, Ленин районун аскердик комиссариаты, №5 мончо, Гагарин көчөсүндө Бишкекжылуулукэнерго меши, жер бөлүштүрүү институту, “Кока-Кола” ЖЧКсы, “Яшар” ЖЧКсы, 36-47 ТИБ ИИМ мекемесинде суу токтотулат. “Кыргызконьягы” ЖЧКсы, “Комбинат” ЖЧКсы, “Тамга-Таш ЛТД” ЖЧКсы жана “Лина” фирмасында суунун басымы төмөндөйт.

“Бишкексууканал” башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан, мекеме уюмдардын кызматкелеринен кечирим сурайт жана суу толуктап алууну суранат.