ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Жашыл шаардын ыргагында кыймылды

Бишкек шаарында 5-октябрда жыл сайын өтүлчү KGStreetFest “Бейпил өтмөк” үчүнчү фестивали өткөрүлдү. Аталган иш-чара үчүнчү жолу Бишкек шаарынын мэриясынын Шаарды өнүктүрүү агенствосу тарабынан өткөрүлдү.

Эртең мененки 11 ден кечки саат 6га чейин Киев көчөсү Манас проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейин жол кыймылы токтотулду. Аталган иш-чара Манас проспектисинен Логвиненко көчөсүнө чейин уланып, келген ар бир конок иш-чаранын программа-картасын Киев көчөсүнүн Манас проспектиси жана Логвиненко көчөсүнүн кире бериш тарабынан берилип жатты.

Иш-чаранын ачылышында Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов “Биз аба-ырайы кандай болот деп эки күн кабатырландык. Бүгүнкү күн нурунун тийгени мындай иш-чараларды дайым өткөрүү керектигин маалымдайт. Биз бул фестивалды иш-чара катары карабастан, чыныгы майрам катары да кароо керек. Бул жылы шаардыктардын жана катышуучулардын саны өскөнү байкалып, аталган майрамда туура жол менен баратканыбыз тастыкталып турат”-деди өз сөзүндө.

KGStreetFest “Бейпил өтмөк” фестивалы конокторго оюн зоок жана оюн аянтчаларын тартууланып. ар кандай көргөзмөлөр, сатып түгөтүүлөр жана тамактануучу жерлер орноштурулду.

Фестивалдын коноктору ар кандай конкурстарга, спорттук мелдештерге, вокалга, музыкалык жана чыгармачылык мастер-класстарга активдүү катышып, көчө театр оюндарына күбө болушту. Ошондой эле, көргөзмө-жарманкелерге катышып, шаардын жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө маалыматтарды алышты.

Иш-чара өтүүчү аймак туура беш аянтка  бөлүнөт.  Спорт жана саламаттыкты сактоо, ARTчыгармачыл кварталы, музыка жана бий кварталы, жол кыймылынын эрежелери жана эко-кварталы.

“Спорт жана саламаттык жашоо” кварталында ролик, скейт, самокат, велосипед сүйүүчүлөрү үчүн күн бою эркин тебүү өткөрүлсө, гимнасттар жана акробаттар таланты, чеберчилиги менен көрүүчүлөрдү кубандырды.

“Искусства” кварталында катышуучуларга театр актерлору таланттарын көрсөтүштү. Сүрөтчүлөр сүрөттөрүн коюп, граффити стилинде сүрөттөрүн тартышты.

Чоңдор жана балдар чоң ватмандарга бармак боектору менен сүрөт тартышып, өздөрүнүн чыгармачылыктарын көрсөтүштү. Боди-арт адистери каалоочулардын жүздөрүнө жол жана өтмөк белгилерин тартып жатышты.


“Музыка жана бий” квартвлында 40 тан ашык вокалдык жана бий топтору чогулуп өз көрсөтүүлөрүн көрсөтүштү. Музыканттар жандуу үндөрү менен катышуучуларды өздөрүнө тартышты. Ар улуттун фольклордук музыкалары, заманбап эстрада, рэп, хип-хоп жана рок музыкалары берилди.

“Эко-кварталында” экологияга, экологиялык туризм жана таштанды көйгөйүнү көңүл бурулду. 10го жакын шаардык уюмдар өздөрүнүн эко-экспозициясын тартуулашты. Өтмөктө ар кандай оюндар ойнолуп, “Таштандынын экинчи өмүрү” конкурсунда таштанды иштеп чыгуучу технология көрсөтүлдү.

“Бейпил өтмөк” фестивали “Жашыл шаарды алдыга жылдыруу” чакыры менен активдүү жашоо образы  пропагандалады.