ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Стол тенниси боюнча Эл аралык мелдештердин жыйынтыктары аныкталды

Бишкек шаарында ССРдин биринчи спорт чебери Жеңишбек Таласбаевдин элесине арналган  Эл аралык медештин жыйынтыктары аныкталды.

Аталган чемпионант “KarvenClub” стол теннисттик борборунда өткөрүлдү. Мелдешке Кыргызстан жана Казакстандан баардыгы 52 спортчу катышып, жаш курагы боюнча 50 жашка чейин жана 50 жаштан жогору , жалгаз жана жуп болуп  эки категорияга бөлүнүштү.

Медештин жыйынтыгы менен 50 жашка чейинки категорияда 1-орунду Култаев Руслан, 2-орунду Якубаев Алишер жана 3-орунду  Алинкулов Марлен багындарды. 50 жаштан жогорку категорияда 1-орунду Кудайбергенов Беделбек, 2-орунду Юсуп-Ахунов Барат жана 3-орунду Мамыров Деуталы ээлешти. Жуптук разрядда 1-орунду Якубаев Алишер жана Эргешов Азамат, 2-орунду казак спортчулары  Хартий Нури жана Арсенбаев Диаз жана 3-орунду Култаев Руслан жана Кудайбердиев Жасур багындырышты.

Жеңүүчүлөр уюштуруучулар тарабынан  диплом, медалдар жана эстеликке белектер сыйланышты.