ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардын бюджети шаардыктарга жеткиликтүү

Бүгүн, 3-октябрда Саясаты өнүктүрүү институтунда “Жарандык бюджет-шаардыктар үчүн каржы сабаттуулук алиппеси” аталыштагы презентация өткөрүлдү. Маалыматтар Бишкек шаарынын мэриясы жана Британ министрлигинин эл аралык кызматташуу колдоосунун алдындагы Саясатты өнүктүрүү институту менен биргеликте иштелип чыккан.

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов аталган долбоордун шаар тургундарына керектигин баса журналистерге айтып берди.

“Аталган программада көрсөтүлгөн бардык формалар шаардын бюджетинен каржыланат. Программанын маанилүү багыттарынын бири- шаардыктардын ишеними жана алар менен кызматташтыгы” экенин баса белгиледи калаа башчысы

Бишкек шаарынын жарандык бюджети- бул кыска жана бюджеттик көрсөткөчтөрүнүн негизги баяндоосу, далилдөөчү жана тунуктуулук символу, муниципалитеттин иштөөсү  ачык жана бардык муниципиалдык каражаттарына отчет берет.