ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык уюмдар таштанды үчүн урналарды орнотууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы аймактык уюмдардын кургак тиричилик таштандылары үчүн урналарды орнотууларын көзөмөлдөөдө.

Санитардык-экологиялык инспекциясынын билдирүүсү боюнча, 2014-жылдын сентябрь айына карата түзүлгөн протокол жана жазма эскертүүлөрдүн негизинде Биринчи май районунда 17 таштанды урнасы орнотулду, алардын 12 си стационардык, 5и көчүрмө.

Кургак тиричилик таштандылары үчүн урналар төмөнкү уюмдарда орнотулду: Ахунбаева көчөсүндөгү “Медтехника” ЖЧКсы, дарыканалар, акча алмаштыруулар, кийим дүкөнү, Горький көчөсүндө  «Гергерт спорт» дүкөнү, Жаманбаев көчөсүндө дүкөн, Шакиров көчөсүндөгү Кыргыз илимий гематология борбору, Малдыбаев көчөсүндө жайгашкан “Смайл” дүкөнү, Абай көчөсүндөгү жел үйлөөчү жай.