ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү Түштүк-Африка Республикасынын мектептик тамактандыруу боюнча Глобалдык форумга катышат

29-сентябрда 3-октябрга чейин Түштүк Африка Республикасынын Фандербейлпак шаарында мектептик тамактануу боюнча Глобалдык форум өткөрүлөт. Аталган форумга Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана  БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрү катышат.

Өлкөдөгү мектептик тамактануу кырдаалы жөнүндө доклады менен Бишкек шаарынын вице-мэри А. Рыскулова  сүйлөдү.

Глобалдык форумдун негизги максаты катышып жаткан өлкөлөрдүн уюмдарынын же мектептик тамактануу программасын кеңейтүүдө  бири-бирине жардам берүүсү, жергиликтүү азык-түлүктөрдү колдонуу каралган.

Жыл сайын өткөрүлүп келген 16чы форумда, мектеп тамактандыруу уюмдарынын туруктуу жана эффективдүү программаларынын жана  жергиликтүү айыл-чарбалык азыктарды колдонууда  азык-түлүктүн сапатына өзгөчө маани берилди.

Форумдун катышуучулары өлкөлөрүндөгү  жаңы программаларды иштеп чыккан же болбосо иштелип келген программаларды жакшыртуу жолдорун көрсөтөт. Өз мекенине кайткан делегаттар мектеп тамактандыруу  программасын,  өз өлкөсүндө жана коңшу мамлекттерде  иштеп чыгат.