ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Мурас Ордо” жаңы конушунда Эл аралык карылар күнү белгиленди

Кече, 1-октябрда “Мурас Ордо” жаңы конушунда Эл аралык карылар күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарада 600 адам катышты. Карылар үчүн чай ичүү уюштурулуп, өспүрүмдөр тарабынан майрамдык концерт тартууланды.

Майрамдык иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскарбек Алиев катышып, карыларды майрамы менен куттуктап, узак өмүр, бактылуу өмүр сүрүүнү каалады. Ошондой эле, өз сөзүндө карылардын салттын сактап келгендигин, баатырдыгын, патриоттугун, жан аябастыгын, абийир, намыскөй адамдар экенин баса белгиледи. Андан  тышкары, жаңы конуштун коомдук жашоодогу активдүү карыларын ардак грамоталары менен сыйлады.

Эл аралык карылар күнүнүн алкагында район башчысы карылар интернат үйүнө 20 миң сом материалдык жардамдар көрсөтүлүп, баалуу белектер тапшырылды.

Бардык карыларды куттуктоого кеткен каражаттар Биринчи май райондук  администрациясынын жергиликтүү бюджетинен 567 миң сом каралды.

Эскерте кетсек, 30-сентябрда Эл аралык карылар күнүнө карата “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлүп, Биринчи май районунун 630 улуу муундун өкүлдөрү катышкан.