ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматовдун Эл аралык карылар күнүнө арналган куттуктоосу

Урматтуу  улуу муундун өкүлдөрү, согуштун жана эмгектин ардагерлери!

Сиздерди Эл аралык карылар күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Карысы бардын ырысы бар деген макал бекеринен айтылбаган чыгар. Сиздер бар үчүн биз барбыз. Сиздердин шаардын өнүгүшүнө, түптөлүшүнө кошкон эмгегиңиздер үчүн ыраазычылык билдирем.

Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү!

Биз сиздерге чың ден-соолук, узак өмүр, тынч жашоо жана кажыбас кайрат каалайм. Сиздердин акыл, тажрыйбаңыздарга жаш муундар ар дайым муктаж. Сиздердин бар болушуңуздарды тилейм!

Сиздерди терең урматтап Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов.