ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май райондук администрациясы “Сейтек” балдар улуттук борборунда карыларды куттукташты

Бүгүн, “Сейтек” балдар улуттук борборунда Биринчи май райондук администрациясынын Эл аралык карылар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага Биринчи май районунун 630 улуу муундун өкүлдөрүнө 500 сомдон тапшырылды. Андан тышкары, 60 жыл бирге өмүр сүргөн түгөйлөргө 1000 сомдон жана райондун көп жашаган карыларына 2000 сомдон материалдык жардамдар көрсөтүлдү.

Эл аралык карылар күнүнүн алкагында райондук администрация карылар үйлөрүнө да баш багып, 20 миң сомдун тегерегинде материалдык жардам берилди.

Акчалай сыйлыктан тышкары, ар кандай белектер тапшырылды.

Баардык материалдык жардамга Биринчи май райондук администрациясынын жергиликтүү бюджетинен 567 миң сом каражат каралган.