ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаар күнү майрамына карата калаада даярдыктар өткөрүлүүдө

Салтка айланган бул иш-чара жыл сайын өткөрүлүп келүүдө. Кыргызстандын Бишкек маданий, билим берүүчү жана эл аралык борборунда майрамдык иш-чараны өткөрүүдө  уюштуруу комитети түзүлүп, шаардын  136-жылдыгын белгилөө үчүн шаардын борбордук көчөлөрүн жана Ала-Тоо аянтына кооздоо иштери жүргүзүлөт.

2014-жылдын 11-сентябрда  шаар тургундарына жана конокторго Ала-Тоо аянтында  майрамдык концерт уюштурулат. Ошондой эле, Эмен сейил багында спорттук оюндар өткөрүлүп, ар бир райондо түрдүү майрамдык иш-чаралар өткөрүлмөкчү.

Ала-Тоо аянтында Саламаттыкты сактоо департаментинин тез жардам кызматы, Бишкек өрт өчүрүү кызматы  коопсуздукту сактоону камсыз кылат. Мындан тышкары, үзгүлтүксүз электр кубаты жана коомдук транспорт,  тартип сакчылары менен камсыздалат.