ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май райондук администрациясы короочуларын чарба керектөөлөр менен камсыз кылды

Райондун аймагын көрктөндүрүү, жакшыртуу максатында Биринчи май райондук администрациясы Жергиликтүү аймактык башкармалыктын короочуларына чарба керектөөлөрү үчүн 200 миң сом каражат бөлдү.

Бул каражатка чөп чабуучу машиналар, бадал кыркуучу каражаттар, ширетүү аппараттары сатылып алынды.

Биринчи май райондук администрациясы Аскербек Алиев иш-чарага катышып, жумушчулардын ишине ийгилик каалады. Андан тышкары, келечекте жумушчулардын иштөө шарттарын түзүп, жакшыртып  берерин баса белгиледи.

Ошондой эле, техникалык коопсуздугу менен пайдалануу эрежелерин көрсөтүү өткөрүлдү.