ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Fun Run кайрымдуулук чуркоо өткөрүлдү

2014-жылдын 27-сентябрда калаанын эски аянтында шаар күнүнө арналган Fun Run кайрымдуулук чуркоо өткөрүлдү.

Эртең мененки сегиз жарымдан баштап белгиленген жерге каалоочулар чогула баштады. Дем берүүчү музыкалар жаңырып, адамдардын көнүлүн көтөрдү. Келген катышуучулар көнүгүүлөрдү аткарып, сүрөткө түшүшүп,  жаңы адамдар менен таанышып, чуркоого даярданып жатышты.

“Шайыр чуркоо” деп бекеринен аталбаган. Анткени, катышуучулар ар кандай образды жаратып, ар кайсы каармандардын кийимдерин кийип, жүздөрүнө ачык өңдөгү боектор менен боенушкан.

“Кызык, мэрдин костюмун кийген кайсы бала?” деп сахнадан тамашалап өттү.

Баардык катышуучулар каттоодон өтүп, бактылуу номерлерин алгандан кийин, шаардын машыгуу-клубдарынан келген  машыктыруучу жалпы машыктырууну өткөрүп, чуркоого буйрук берди.

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов кайрымдуулук чуркоого катышты. Чуркоонун алдында баардык катышуучуларды Шаар күнү менен куттуктап, бекем ден соолук жана ийгиликтерди каалады. Андан тышкары катышуучулар менен биргеликте 5 километр аралыкты кыйналбастан чуркады.

Баса белгилей кетсек, катышуучулар жалаң гана жаштардан жана марафондун ардагерлеринен түзүлбөстөн, 4-5 жаштагы балдары менен бала салуучу кичинекей арабачан  энелер да катышты.

Белгилүү аралыктан кийин ар бир жөө күлүктү ар кандай ышкыбоз топтор тосуп, колдоо көрсөтүштү. Алар: Tendo добулбас тобу, Япон добулбасында ойногон Rotaract Club Bishkek, Cheerleaders AUCA  жана марага келген катышуучуларды Cheerleaders "bisKVid" мектеп тобу тосуп алды.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар үчүн концерт уюштурулуп, лоторея ойнотулуп, байгелер тапшырылды. Мындан тышкары, эң мыкты өзгөчө кийим үчүн 10 жөө күлүккө белектер берилди. Ташбака-ниндзя кийимин кийген  4 жана 5 жаштагы ага-инилердин костюму мыкты костюм делип, гран-приге FUJIFILM фотоаппараты белекке берилди.

Эскерте кетсек, иш-чара саламаттык  жашоо үчүн жана чуркоо маданиятын өнүктүрүү максатында өткөрүлдү. Иш-чарадан  түшкөн каражат “Эне-Сай” жаңы конушуна балдар аянтчасы курууга арналат.