ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардын айрым райондорунда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкек шаарынын мэриясынын Бишкексууканал башкармалыгынын билдирүүсү боюнча 2014-жылдын 30-сентябрда саат 9.00дон 18.00го чейин ичүүчү суу өчүрүлөт.

Куренкеев, Абдрахманов, Элебесов, Саадаев көчөлөрүндө, ошондой эле, Ала-Арча суусу, “Красный строитель” шаарчасы, “Көлмө”, “Актилек”, “Алтын-Бешик”, “Саламалик” жаңы конуштарында, жеке ишканаларда, мекеме-уюмдарда, “Химиялык тазалоо заводу”, “Электросила” кооперативи, “Хисар” ЖЧКсы, Фере көчөсүндөгү  “Бишкектурбаза”, туберкулезго каршы шаардык бейтапканасы, Махатмы Ганди проспектисиндеги Биринчи май военкоматы, 158«а», Васильев, Урицкий көчөлөрү, Жаш Гвардия проспектисиндеги “Бишкекжылуулуккоммуналдыкэнерго” казаны, №18,№35 орто мектептери, Панфилов көчөсүндөгү №12 бала бакча, 310 жана “Бишкексууканал” атайы автобазасында суу өчүрүлөт.

“Бишкексууканал” башкармалыгы шаар тургундарынан ыңгайсыздык жаратканы үчүн кечирим сурайт жана элдерди, мекеме-уюмдарды ичүүчү суу камдап алууга чакырат.