ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май районунда жаңы балдар аянтчасы ачылды

“Шаарыбызга жашоо тартуулайбыз!” аттуу социалдык долбоордун алкагында шаардын Биринчи май  районунда  кезектеги балдар аянтчасы ачылды.

Бишкек шаарынын мэриясы “Газпромнефть Азия” Жоопкерчилиги чектелген коому менен биргеликте шаардын Биринчи май  районун Керимбеков көчөсү, №1а дарегинде жайгашкан үйдүн короосунун жаш тургундарына жаңы балдар аянтчасын тартуулашты.

Салтанаттуу иш-чарага Биринчи май районунун башчысы Аскербек Алиев катышып, бул долбоордун маанилүүлүгүн баса белгилеп, балдарга чын ден соолук жана өсүп өнүгүүнү каалады. Андан тышкары аянтчанын айланасын тосмо орноторун белгиледи.

Салтанаттуу иш-чаранын ачылыш аземи концерт менен коштолуп, балдарга балмуздактар таратылып берилди.

Биринчи май районунда кезектеги экинчи балдар аянтчасы курулду.

Эскерте кетсек, аталган долбоордун алкагында жылдын аягына чейин шаардын төрт районунда 20 балдар аянтчасын ачуу белгиленген. Азыркы учурда бардыгы 8 балдар аянтчасы орнотулуп, 6 аянтчанын куруу иши жүргүзүлүүдө жана 6 аянтчанын иштери баштала элек.