ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Көздүн жоосун алган Токтогул көчөсү

Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүндө жол кыймылы ачылды.

Жайында жолду бөгөп, тыгындылар көбөйткөн жолду оңдоо иштери шаардыктардын кыжырын келтирген, бирок бардык нерселер акталды. Шаар кенен, сапаттуу асфаль менен төшөлгөн сонун магистральга ээ болууда. Көчөнүн жээктериндеги автосүйүүчүлөргө жана жөө жүргүнчүлөргө коркунуч жараткан эски бактар алынып, “Жашылдандыруу” муниципиалдык мекемеси тарабынан жаңы, жаш дарактар отургузулат. Убакыттын өтүшү менен Бишкек шаары жашыл шаарлардын катарын толуктайт.

Бишкек шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча “Жамгыр жааган убакытка чейин унаа жүрүүчү жол бөлүгү ачылды, ал эми тротуарларды куруу аба-ырайына карабай оңдоло берет”.

Жасалып жаткан веложолдор жана сугат үчүн бетон арыктары Токтогул көчөсүн үлгү катары көрсөтөт.

Белгилей кетсек, оңдолуп жаткан жолдор шаардык бюджеттин эсебинен курулууда. Бул иштер улуу акындын 150 жылдык мааракесине арналмакчы.