ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Ала-Арча жаңы конушунун муниципиалдык аймагын басып алуу фактысы катталган

Ала-Арча жаңы конушунун Чортеков-Ахунбаев көчөлөрүнүн жана Чортеков-Кең-Суу көчөлөрүнүн кесилишиндеги муниципиалдык аймагына мыйзамсыз 5 контейнер орнотулган.

Бишкек шаарынын Жеке турак-жай куруу департаментинин кызматкерлери, Ленин райондук администрациясынын жетекчилери, №4 муниципиалдык аймактык башкармалыгы, Ленин райондук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте “контейнерлерди башка жерге жайгаштыруу жөнүндө” акт түзүлдү.

Акттын негизинде контейнерлерди алып салуу белгиленген. 2 контейнер өз ыктыяры менен алынып, 3 контейнерди аргасыздан кыстоо менен алынган.