ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын 8 айдын ичинде жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгын маалымдайт

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы, акыркы 8 айдын ичиндеги рейддин жыйынтыгын аныктады.

Рейддин жыйынтыгы боюнча 3765 чарбалык субъекттер текшерилген. Бул убакыттын ичинде шаардын санитардык-экологиялык абалы жакшырып, көрктөндүрүү иштери бир кыйла өнүккөн.
Акыркы 8 айдын ичинде санитардык талаптарды жана көрктөндүрүү эрежелерин бузуу боюнча 1051 протокол түзүлүп, райондук административдик коммисиясынын макулдугу менен эреже бузгандарга бардыгы 1346,2 миң сом айып салынган.
Белгиленген убакыттын ичинде, СЭИ кызматкерлеринин жардамы менен кургак тиричилик таштандыларын чыгаруу келишими 4752,6миң сомду түзгөн. Анын ичинде 2405,0 миң сом жаңы субъектилер.
Ошондой эле, СЭИ кызматкерлери “Тазалык” муниципиалдык мекемесинин иштеринин графигин көзөмөлдөөнү күн сайын өткөрүп турат. Кургак таштандыларды чыгаруу жана чогултуу үчүн контейнерлер орнотулган.
Бүгүнкү күндө Муниципиалдык аймактык башкармалыгынын башчысы, үй башчылары, ошондой эле, көз карандысыз чарбалык субьекттер менен биргеликте таштандыларды чыгарууну көзөмөлдөөгө кезек түзүлдү. Жыйынтыгында 20 эреже бузуулар катталып, анын ичинен – 7не жазуу жүзүндө эскертүүлөр берилип, 4 протокол түзүлдү.
Санитардык-экологиялык инспекциясынын 2014-жылдын 8 айдын ичинде жүргүзгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 3765 чарбалык субъект текшерилип, 2924 жазуу жүзүндө эскертүүлөр берилген. Алардын ичинен кургак таштанды чыгаруу келишимин түзүү -704, башаламан ыргытылган таштандылар жоюу – 118, шаарды көрктөндүрүү-1823.
Бишкек шаарынын мэриясынын “Шаардын санитардык тазалык штабын түзүү жөнүндө” 2014-жылдын 26-майдын №200 буйругун аткаруу менен шаардын аймактарында санитардык абалына келтирүү иштери өткөрүлдү. “Тазалык” муниципиалдык мекемесинин жумушчулары, муниципиалдык аймактык башкармалыгы шаардын көрктөндүрүү эрежелерин сактоого жана санитардык абалын жакшыртууга милдеттүү.