ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарында Түрк дүйнөсүнүн инженерия, архитектура жана шаар куруу боюнча VI курултайы өткөрүлөт

2014-жылдын 2-сентябрнан 7-сентябрна чейин Бишкек шаарында Түрк дүйнөсүнүн инженерия, архитектура жана шаар куруу боюнча VI курултайы өтөт. Курултайдын негизги темасы -“Материк ашкан долбоорлор”. Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевдин демилгеси менен өтмөкчү.

Түрк дүйнөсүндө ыңгайлуу, кооз жана мартабалуу шаарларды салууну максат кылган Курултайда инженерия, архитектура жана шаар куруу боюнча Курултайга келген министрлер жана компетенттүү кишилердин катышуусу менен орток түрк стандарттары тууралуу Кеңештик жыйын өтөт. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 50 жылдыгына татыктуу даярдануу максатында “Бишкек шаарынын генералдык планынын 100 жылдан кийинки реабилитация долбоору” деп аталган эл арарык конкурс жарыяланат.

Мындан сырткары Курултайдын алкагында: “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине зыярат кылуу, Осмон империясынын оркестри Мехтер маршынын концерти, мехтеран концерти менен салттуу темир усталардын парады, “Ататүрк” паркынын реставрациядан кийинки ачылыш салтанаты, түрк дүйнөсүнүн жергиликтүү башкаруу жана шаар куруу көргөзмөлөрү, маданият жана искусство көргөзмөлөрү, ТҮРКСОЙдун Т.Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган концерти, Ысык-Көлдү пароход менен айлануу, түрк дүйнөсүнүн акындары менен төкмөа акындарынын да шаар курууга байланыштуу ыр концерттери, ат оюндары ж.б. чоң масштабдагы иш-чаралар өткөрүлөт.

Курултайдын эң негизги максаттары :

-түрк дүйнөсүнүн мурдатан бери карманып келген каада-салттары менен кубаттуу келечектин ортосунда туруктуу көпүрө куруу;
-Кашкар шаарынан Андалусияга чейинки түрк исламий шаарларыбыздын көчөлөрүндөгү, сарайларындагы мөөрү кетпес казына катары жашай берүүчү түрк архитекторлорунун атын түбөлүккө калтыруу;
-орток түрк стандарттарына ылайык ыңгайлуу,кооз шаарларды куруу;
-түрк ааламынын рухий орток баалуулуктарын, тилин, адабиятын, тарыхый мурасын жана маданий өзгөчөлүктөрүн чагылдырган жаңы чыгармалардын жаралышына ортоктош болуу;
-“Тилде, пикирде жана иште биримдик” деген түшүнүккө жалпы түрк дүйнөсүн ээ болууга үндөө, биримдикке, достукка чакыруу.

Курултайды өткөрүү демилгесин көтөрүп чыккан Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевге, курултайдын

уюштурулушуна салымын кошкон ар бир уюм жана мекемеге терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Курултайдын уюштуруучулары: Түрк Дүйнөсүнүн архитекторлор жана инженерлер союзу, ТҮРКСОЙ, ТүркПА, Түрк Кеңеши, Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер союзу, Түрк дүйнөсүнүн жазуучулар жана искусство адамдарынын фонду.