ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардын Кара жыгач багында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү

2014-жылдын 31-августунда шаардын Кара жыгач багында, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү.

Свердлов райондук администрация жетекчисинин орун басары Чынара Борбашова, конокторду майрамы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук жана өнүгүп өсүүшүнө тилектештигин билдирди.

Свердлов райондук балдардын чыгармачылык борбору, №32, 38-орто мектептердин, №1, 8-музыкалык мектептердин чыгармачыл жамааттары шаардыктарга майрамдык программадагы концерт тартуулашты. “Асфальтка сүрөт тартуу” конкурсу, искусство багытындагы көргөзмөлөр, спорттун түрлөрү боюнча мелдештер уюштурулду. Жыйынтыгында, жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылды.

Свердлов райондук администрациясынын билдирүүсү боюнча майрамдык иш-чаралар тынч өттү. Тартип бузуулар катталган жок.