“Манас айылы” маданий борборунда элдик майрамдоолор өткөрүлдү
- Подробности
- Опубликовано 31.08.2014 17:50
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 23 жылдыгына карата “Манас Айылы” маданий борборунда майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү.
Майрамдык иш-чарага Ленин районунун башчысы Ырысбек Мааткабылов, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, шаар тургундары жана коноктор катышты.
Ленин районун башчысы Ырысбек Мааткабылов шаар тургундарын куттуктап, чын ден соолук жана тынчтык каалады.
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө 10 боз үй тигилип, район тургундарына майрамдык маанай тартууланды. Андан тышкары эстрада жылдыздарынын катышуусунда майрамдык концерт өткөрүлдү.
Майрамдык иш-чарада райондун активдери ардак грамоталары менен сыйланды.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
20.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |