ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов окуучуларды Билим майрамы менен куттуктады

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов №93 орто мектептин окуучуларын Билим майрамы менен куттуктады.

Мектеп босогосун аттаган жаш жеткинчектердин окууларына ийгилик каалады.

«Урматтуу балдар, Сиздер биздин келечегибизсиңер. Өлкөбүздүн өнүгүшүнө сиздердин салымыңыздар чоң.Урматтуу эже-агайлар! Сиздер жумушуңуздардын ордугуна, айлык акыңыздардын аздыгына карабай, бүткүл күчүңүздөрдү жумшап жаш муундарга билим берип жатасыздар. Биз аны билебиз.Сиздердин эмгегиңиздерге ыраазычылык билдирем!” деди Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов.

№93 орто билим берүү мектеби 2009-жылдан бери иштеп келет. 690 окуучуга орундук эсептелген. Окутуулар кыргыз тилинде өткөрүлүп, билим берүү эки убакытка бөлүнгөн. Бардыгы 72 мугалим эмгектенип, алардын ичинен 18и Билим берүүнүн мыктылары. Мектепте ар кандай эстетикалык жана спорттук ийримдер өткөрүлүп турат.

Ошондой эле, салтанаттуу линейкада Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова жана Ленин райондук администрациясынын жетекчиси Ырысбек Мааткабылов катышты.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы Samsung Electronics компаниясы менен биргеликте №93 мектепке сынамык класс ачууну пландоодо. Samsung Smart School долбоорунун алкагында атайын заманбап техникаларды камтыган электрондук мультимедиялык тактай, ноутбук, клавиатурасы менен 21 планшет жана интернетке кирүүгө мүмкүнчүлүгү каралган.