ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Сот чечимдерин аткаруу кызматы чечимдерди толук аткарышпайт

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай куруу департаментинин маалыматы боюнча, 2012-жылдан бери мыйзамсыз курулган объекттерди алып салуу жана курулуш ээлерине административдик чара колдонуу максатында сот органдарынын 175 токтому чыгарылып, административдик айыптардын көлөмү 1 млн. 740 миң сомду түзгөн.

Сот чечимдерин аткаруу кызматы тарабынан 175 токтомдун 26% гана аткарылып, болгону мыйзамсыз курулган 45 объект алынып салынган.

Сот чечимдерин аткаруу кызматы, аткаруу кагаздарында мыйзамсыз курулган объекттердин көлөмү, сот актсынын буйрутма бөлүгүндө объектти бузуу тариби көрсөтүлбөгөндүгүн негиз кылып, сот чечимдерин аткарбай келишкен.

Сот практикасындагы мындай себептер, жеке турак-жай куруу тармагындагы укук бузууларды четтетүүгө залакасын тийгизип келет.

Ошого карабастан, Жеке турак-жай куруу департаменти калк арасында түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп турат. Турак-жай куруучулардын көпчүлүгү Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө”, “Жеке турак-жай куруу жөнүндө” мыйзамдарынын бузулушуна жол берилгендигин түшүнгөн соң, мыйзамсыз курулуштарды өз ыктыяры менен бузушуп, жер тилкесин баштапкы абалына келтиришүүдө.