ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Л.Толстой жана Бөкөнбаев көчөлөрүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча Бөкөнбаев көчөсүнүн Манас проспектинен Үмөталиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү жолго асфальттын эки катмары төшөлдү, сугаруу тармактарын куруу, тротуарларды оңдоо жана тышкы жарыктандырууну орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.

Ал эми Үмөталиев көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгүндөгү жолго 6 см калыңдыктагы асфальттын биринчи катмары төшөлдү. Ошондой эле сугаруу тармактарын куруу, тротуарларды оңдоо жана тышкы жарыктандырууну орнотуу, люктарды оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Ала-Арча суусунун чыгыш тарабында көпүрөнүн пайдубалы курулду, батыш тарабында өтмөк көпүрө алынып салынды.

Учурда Л.Толстой көчөсүнүн эки жеринде темир жол өтмөгүн даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Андан тышкары, көчөнү башынан аягына чейин оңдоо иштери даярдалууда.

Жолдорду оңдоо иштерин үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын аягында аяктоо белгиленген.

Л.Толстой жана Бөкөнбаев көчөлөрүндөгү жолду оңдоп-түзөө иштери Кытай Элдик Республикасынын грантынын эсебинен жүргүзүлүүдө.