ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаарды тазалоо иштери түнкү убакта да жүргүзүлүп жатат

“Тазалык” муниципиалдык мекемесинин жумушчулары шаарды тазалоо иштерин түнкү убакта жүргүзүүдө.

Мекеменин жетекчиси Рыспек Сарпашевдин билдирүүсү боюнча, түнкү тазалоо иштерине атайын техникалардын 30 бирдиги жана 90 жумушчу чегерилген.

27-августта, түнкү мезгилде белгисиз адамдар тарабынан курулуш таштандыларын уруксат берилбеген жерге таштап кетүү фактысы катталды.

“Тазалык” муниципиалдык мекемесинин жетекчилиги тарабынан, чара көрүү үчүн тиешелүү документтер укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.