ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов биометрикалык маалыматтарды топтоо боюнча жалпы улуттук кампанияга катышты

Бүгүн, 28-августта Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты тейлөө борборунда Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Кыргызстан калкынын биометрикалык маалыматын топтоо боюнча жалпы улуттук кампанияга катышты.

Бишкек шаарынын төрт районунда биометрикалык маалыматтарды топтоо боюнча 92 туруктуу жана көчмө пункттар иш алып барат:

Свердлов районунда -16 пункт;
Октябрь районунда- 20 пункт;
Ленин районунда- 22 пункт;
Биринчи май районунда -34 пункт.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана конокторун Кыргызстан калкынын биометрикалык маалыматын топтоо боюнча жалпы улуттук кампанияга активдүү катышууга чакырат.