ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль жылытуу мезгилине даярдык көрүү боюнча көчмө жыйын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль Бишкек шаарынын вице-мэри Марс Саккараевдин жана шаардык кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда жылытуу мезгилине даярдык көрүү боюнча көчмө жыйын өткөрдү.

Вице-премьер-министр жана шаардык кызматтардын жетекчилери төмөнкү объекттерде болуп, аткарылган иш-чаралар менен таанышып чыгышты:

-шаардык №15-орто мектепте жылытуу казаны модернизацияланып, кубаттуулук 0,19 Гкал/сааттан 0,25 Гкал/саатка чейин жогорулатылган. Учурда дагы эки жылытуу казанын алмаштыруу жүргүзүлүүдө.

-“Ак-Жол” көмүр базасында “Шабыркүл” көмүрүнүн баасы 3 600 сомду түзөт. Базанын директору Альясбек Сафаровдун айтымында, бүгүнкү күндө көмүр алуучулардын саны өтө эле аз.

Өз кезегинде шаардын вице-мэри Марс Саккараев, кургак отунду өз учурунда даярдап алуу боюнча шаар калкына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.

-шаардын Скрябин жана Панфилов көчөлөрүндө жайгашкан “Ботасад” жылуулук берүү объекттинде жылытуу казанын мазуттан жаратылыш газына өткөрүү боюнча реконструкциялоо иштери аяктаган. Реконструкциялоодон кийин жылуулук менен камсыздоо жакшырып, абага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын көлөмү 14,5 тоннага кыскаргандыгы белгиленди.

-Бишкек ЖЭБнда 11 жаңы түтүк агрегаттары, 24 буу энергетикалык жана 3 суу жылытуучу жабдуулар орнотулган.

-“Ротор” жылуулук берүү объекттинде кургак отун жана колдонуудагы газ менен иштөөчү жаңы 2 казан агрегаты орнотулган.

Жылытуу мезгилине даярдык көрүү иш-чаралары улантылууда. Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан мындай көчмөн кеңешмелер үзгүлтүксүз өткөрүлүп турмакчы.