ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардын Октябрь районунун мектептери 2014-2014 -окуу жылына даяр

Октябрь райондук администрациясы тарабынан мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин 2014-2015- окуу жылына даярдыгын текшерүү максатында атайын комиссия түзүлгөн.

Комиссиянын курамына Октябрь райондук администрациясынын, Билим берүү борборунун, Бишкек шаарынын Мамлекеттик өрт өчүрүү башкармалыгын кызматкерлери жана Билим берүү мекемелеринин жетекчилери кирип, райондун мектептеринин жаңы окуу жылына карат даярдыгын текшерип чыкты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мектептердин оңдоодон өткөрүлгөнү, жылытуу системасы кыш мезгилине даярдалып, окуу кабинеттери керектүү жабдуулар (тактай, стол, отургучтар, жарыктандыруу) жабдылгандыгы жана окуу, адабий, илимий китептер менен толукталгандыгы белгиленди.

Октябрь районундук администрациясы жана райондук Билим берүү борборунун билдирүүсү боюнча, баардык Билим берүү мекемелери 2014-2015-окуу жылына даяр.